Аваз&Айдана. Эки жаштын тоюнун эң таасирдүү бөлүгү ак бийге түшүү болду

Аваз Акимов менен Айдана Деканын тою 3 бөлүккө бөлүнүп, 3 тамада кезектешип алып барышууда. Ошондой эле эки жаш конокторго ак бийин тартуулашты.

"Үйлөнүү тоюбуз мен кыялдангандан да сонун өтүп жатат. Мен бактылуумун" деген Айдана тилегине жеткенин айтат.

"Кичинекей кезимде мен күйөөгө тийбейм дечүмүн. Анткени бала кезде той деген сөздүн өзүнөн уялчумун. Кийин бой тартып, чоңойгондо таразалап көрсөм, мага кесибимди түшүнгөн, чыгармачыл адам керек экен. Буюрса, бул тилегим ишке ашты. Аваз - мен каалагандай мырза", - дейт ырчы айым.

Ошондой эле Айдана курбулары менен Авазга арнап бийлеп берди. Ал бул бийди жолдошу үчүн атайын сюрприз кылганын айтат.

Аваз Акимов менен Айдана Деканын ак бийи
Жомоктогудай бий... Жылдыздарды жыйнаган жылдыздардын Бишкектеги тою
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AIA-TOO
2019-03-27 00:40:49
Шайтухалар жыргап эле калышыптырго ысырапкорчулар десе.
+8
NikkiMartin
2019-03-27 00:53:01
Биз Элдин адамыбыз да деп Эле ар Кайсы нерсени чыгара беришет, эл билсин деп. Кыргыз эли силерди ойлогон го убакыты жок. Силер жон Эле конул которчуу анегдот сыяктусуунар)) жеке ой
+10
bessmertiy
2019-03-27 01:52:21
Сыймык Бейшекеев жок го.
-2
Dembele84
2019-03-27 10:00:59
Ушул той менен эми дем алгыла кичине а?Айылга барып тирилик кылып дегендей,баскан турганынардан бери айта бербей
+8
vikidiki
2019-03-27 11:27:16
Айдананын сюрпризи курбулары менен бийлеген бийи го? Эми бул андай деле ачылыш эмес го. Болду эми опконорду басып эс алгыла!
+4
Kairat1996
2019-03-27 17:25:34
Давай эми. Силер учун 200 грам ичип коеюн. Айданадай болгон сулуу кыздарыбыз бактылуу болушсун. Сулуулук дуйнону сактайт демекчи кыргыздын кыздары сулуу болуп журо бергиле. Кыздын баркы - сулуулукта дегендей. Эн башкысы сулуу болуп журо бергилечи. Силерди коруп биз суктана берели.
-1
Janym_ata_enem
2019-03-28 07:56:36
Kairat1996 Кыздын баркы сулуулугунда эмес. Кыздын баркы намысында
+6
Mambetali
2019-03-28 10:53:58
Ушул экоо тажатты, холодильникти ачсан деле ушулар жонундо бир деме айтып жаткан болот...
+2
ainur78007
2019-03-28 13:22:56
Баарын эле наалып алыпсынар да,бакыт тилеп койгула эки жашка,эки ооз жылуу соз жазып.Аваз,Айдана бактылуу болгула!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан