Мексикада пиротехника сакталган кампа жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарылуу кечээ, 26-мартта Чимальуакан шаарында болду. Расмий маалыматтар боюнча каза болгон жана жаракат алгандар жок. Кырсык болгон жерге куткаруучулар, дарыгерлер барышты. 2016-жылы Мексикада пиротехникалык жарманкеде жарылуу болуп 40тан ашык адам каза болгон.