Ямало-Ненецкий автономдук аймагында мурун аялын өлтүргөнү үчүн соттолгон жаран экинчи аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө

Ямало-Ненецкий автономдук аймагында мурун аялын өлтүргөнү үчүн соттолгон жаран экинчи аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 19-март күнү Орусиянын Ямало-Ненецкий автономдук аймагындагы Ныда айылында болгон. Анда кылмышка шектүү аялын бир нече жолу бетине муштаган, аялдын баш мээси чайкалып, мээсине кан куюлуп кеткен.

"Жабырлануучу аял ооруканага түшүп, ал жакта эки күн жаткандан кийин абалы оорлошуп каза болуп калган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү кармалып, ага кылмыш иши козголду. Учурда ал жарым-жартылай күнөөсүн моюнуна алды. Анын биринчи турмушундагы балдары социалдык мекемеге алынды. Айыпталуучу биринчи аялын кокустан өлтүрүп алганы үчүн мурда сот жообуна тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан