"Тасманын саундтрегин дуэт аткарууну Данияр Эрматов сунуштаган" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган ырчы Самара Каримова

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы толуктады. Чыгарма тууралуу ырчы Самара Каримова буларга токтолду.

"Негизи бул чыгарманы мага Данияр Эрматов дуэт аткарып чыгалы деп сунуштаган. Угуп көрсөм уккулуктуу, жакшы чыгарма экен, мага да жагып калды. Ырды жаздыргандан кийин бир күн ичинде клип тарттырдык. Чыгарма "Кайнене" тасмасына саундтрек катары жазылган экен".

20-МАРТТАН 27-МАРТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Гүлнур Асанованын "Шашпа" аталышындагы клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" видеоклибине буюрду.

8-орунга - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" чыгармасы ээ болду.

7-орунду - Айя Садырованын "Тоо булагы" чыгармасы камсыздады.

6-орун - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы ээледи.

5-орун - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясына буюрду.

4-орунду - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби камсыздады.

3-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" аталышындагы видеоклиби багындырды.

2-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан