Бишкек шаарында төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөнү үчүн 8 миң абоненттин электр энергиясы 29-мартта өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы маалымат таратты.
Карыздардын жалпы суммасы 12 миллион 500 миң сомду түзөт. 30-31-март күндөрү дем алыш күндөргө туш келгендиктен “Түндүк электр” абоненттерди төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
Ал эми “акылдуу” эсептегичтер менен камсыз болгон электр энергия керектөөчүлөрү аралыктан өчүрүлөт. Абоненттер карызды толук төлөп, “Түндүк электр” ишканасынын серверине төлөм тууралуу сигнал келгенде автоматтык түрдө электр энергиясы менен камсыз болот.