Бишкекте милиция кызматкери 100 миң сом пара менен кармалганы айтылууда

Айрым ЖМКлар Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 26-мартта 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин жазууда.

Бирок аталган маалыматты УКМК менен ИИМ четке какты. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында, ички иштер органдарында мындай факты катталган жок.

"Бизде милиция кызматкери пара менен кармалганы боюнча факты катталган жок. Эгерде милиция кызматкери пара алып жаткан болсо, ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы же прокуратура органдары менен биргеликте карамак. Кечээ жана бүгүн бизге мындай факты боюнча маалымат берилген жок", - деди Сеитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kubat77
2019-03-27 19:42:59
Анда эмне асмандан алып жазышыпатабы.
0
ruslanz
2019-03-27 20:14:11
Мурдагы през-тин тушунда кызматкеплер болуп корбогондой паракор болуп кеткен,азыр да токтоно албай жатышат. Бир жагынан кармап камап жатышыса, экмнчи жагынан пара алып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан