Путиндин Бишкекке келишине карата илинген желектер талкуу жаратты

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргыз жерине жасай турган мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүнө эки өлкөнүн желектери илинген. Айрым жерлерде Орусиянын желеги тигинен илинип турган болсо, кээ бир көчөлөрдө Кыргыздын Мамлекеттик туусу илинбей калган. Бул көрүнүш интернет колдонуучуларынын арасында талкууга алынды. Айрымдар "делегация жаткан абалда өтөт деген ойдо ушинтип илишсе керек" дешсе, кээ бири "балким бизге Франциянын президенти келе жаткандыр" деп жазышкан.

Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилиши жана Чүй-Абдырахманов көчөлөрү кесилишкен жеринин бир тарабына Орусиянын желеги орнотулган. Экинчи тарапка кызыл жана сары түстөгү байрактар орнотулганы да коомчулукта суроо жаратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
asash
2019-03-27 23:05:53
Албетте, туура эмес илишиптир,орустар ушунчалык дос мамиле кылып жаткандан кийин, биринчисине Кыргызстан, экинчисине Россиянын желегин илишпейби,тушунуксуз болуп калыптыр, ушундай нерселерди уюштурган адис жокпу, биз университетте окуган мезгилде АХЧ башкармасы деп койчу,эптеп уюштуруп, жарым акчасын чонтокко салган, ошондой бироо жарым иштейт го, ушул оформлениеде, болбосо дизайнер деген бироо жарым болсо керек эле,кыргызда мыкты адистер коп пайдаланса
+11
jaskaaa
2019-03-27 23:13:32
Россиянын желегин илбесе Путин кирбей койобу?
+14
bekmaral
2019-03-28 10:50:02
jaskaaa,Расмий визиттин эрежелери ошондой бул кыргыздардын ойлоп тапканы эмес олтуруп алып эле маанисиз токой коментарийлеринерди жаза бересинерби.
+1
Nurdinur
2019-03-27 23:34:12
Е бышкан ашка сынчы коп. Ишинерди кылгыла
-9
bond02
2019-03-28 00:54:31
Путин Кыргызстанга озунун желегин коргону келбегендир.
+10
aiba.8327
2019-03-28 08:03:16
Ушундан коро россия кошулуп эле кетпейли ансыз деле жеп жутарлар таптакыр сызга отургузуп кете электе итак деле орус жарандыгын алып жаткандар четтен чыгат....
-14
Nurdinur
2019-03-28 11:15:17
aiba.8327, россиянын курамындагы Якутия Татарстан ж.б. республиканский жакшы жашап жатат деп ойлойсунбу
+4
senchi
2019-03-28 08:12:55
Мен жанылыктардан окудум Россия 30 миллион белек кылат экен,Россиядан алган 700 миллионду кечет экен.
+1
senchi
2019-03-28 08:13:43
Ушул жөнүндө маалымат берип койгулачы.
+1
monster_high_98
2019-03-28 10:30:28
Ар президент келсе эле,ошолордун желегин иле береби,калп эле кошоматчылыктын не кереги бар!?
-2
PROS
2019-03-28 12:09:08
Жоопкерчиликтин жоктугу да бул.
+1
admin_portal
2019-03-28 17:51:37
Skarlett-Skarlett, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан