Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан каза болгондордун саны 78 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазууну улантууда.
Маалыматка ылайык, Яньчэн шаарындагы химиялык заводдогу жарылуудан жабыркап, ооруканага түшкөн адамдардын саны 566 адамга жетти.
"Ар түрдүү оор жаракаттарды алган 13 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда, 66 адамдын абалы оор. Каза болгон 56 адамдын аты-жөнү аныкталды. Жарылуудан дене мүчөлөрү үзүлүп кеткен 22 адамдын аты-жөнү аныктала элек. Бул факт боюнча учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин кооптуу аймактан 4 миңге жакын адам эвакуацияланганы айтылган. Кырсык болгон заводго экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 6 жолу айып пул салынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыккан. Учурда химиялык завод тиешелүү болгон компаниянын бир нече кызматкери камакка алынган. Кырсык 22-мартта Хунань провинциясындагы Чанша трассасында орун алган.