Якутияда Кыргыз жаранын кемсинткен адам 3 күнгө камалды

Якутияда Кыргыз жаранын кемсинткен адам 3 күнгө камалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 23-мартта жергиликтүү тургун унаа базарында Кыргыз жаранын кемсинтип, ар кандай сөздөр менен тилдеген.

"Аталган тургун эскертүүлөргө көңүл бурбай, коомдук тартипти бузган. Соттук процессте күнөөсүн моюнуна алды. Буга байланыштуу Якутск шаардык соту аны "бейбаштык" беренесинин негизинде 3 күнгө административдик абакка алуу чечимин чыгарды", - деп жазылат маалыматта.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Якутияда иштеп жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2019-03-28 10:55:52
менин угушумча зордукталды деген кыз экоо чогуу арак ичишкен дейт демек оз каалоосу менен эле жатып бергендей анан кийин акча бербей койсо керек да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан