Бишкек шаарында жолдон өтүп бара жаткан 1-класстын окуучусун айдоочу сүзүп кетип, ал каза болду. Маркум 4 кыздан кийин төрөлгөн жалгыз уул болгон. Анын атасы былтыр каза болуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 25-март күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Көк-Жар жаңы конушундагы Шоокум көчөсүндө орун алган.
"Окуя биздин көз алдыбызда болду. Жолдон балдар өтүп бара жаткан маалда Мазда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтөм деп баланы сүзүп кетти. Унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан бала учуп барып жерге түштү. Эс-учуна келе албай жатып, ошол жерден каза болуп калды. Ал №88 орто мектепте 1-класста окучу, 4 кыздан кийин төрөлгөн үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу, атасы былтыр каза болуп калган. Учурда баланын апасынын абалы оор", - дейт күбө.
Белгилүү болгондой, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кийин милицияга өзү барган. Ал нес абалында үйүнө качып барып, окуя тууралуу ата-энесине билдирип, кийин милицияга барганы маалым болду.