“Южно-кыргызский цемент” ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн Өзбекстанга товар ташууга шарт түздү

“Южно-кыргызский цемент” жабык акционердик коому Кыргыз өлкөсүнүн президентинин “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы” демилгесин колдоп жаткан түштүк аймактагы бирден-бир алгачкы ишканалардын бири. Мунун алкагында “Южно-кыргызский цемент” жабык акционердик коомунун 2018-жылдагы алгачкы кадамы темир жолдун Өзбекстанга карай багытын өз эсебинен жана өз күчү менен реконструкциялоосу болду. Муну менен катар “Южно-кыргызский цемент” жабык акционердик коому бул долбоорду аз гана убакыттын ичинде ишке ашырды десек болот.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Кызыл-Кыя” темир жол тилкесинин туюгун калыбына келтирүү боюнча долбоордун жалпы баасы 350 миң АКШ долларын түздү. Калыбына келтирилүүчү аймак жана темир жолдун жалпы кеңдиги 11 чакырымды камтыса, регион үчүн маанилүү социалдык фактор болгон 20 чакты жумуш орундары түзүлгөн.

Темир жолдун жүк өткөрүү кубаттуулугу суткасына 3,2 тоннаны түзөт. “Южно-кыргызский цемент” ишканасы Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндөгү жүк жүктөөдө мындай көлөмдөгү кубатка ээ жалгыз компания.

Мындай эмгектин жыйынтыгы менен өлкөнүн региондорунун ортосунда түз, ишенимдүү транспорттук байланыш түзүлөт жана эл аралык темир жолго чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Мында товар ташуунун баасы арзандап, ата мекендик өндүрүштү тышка экспорттоого атаандаштык күчөйт.

Темир жол тилкесин ишке берүүдө “ЮКЦ” ЖАКсында шериктеш өлкөлөргө экспорт кыла турган топтун жетишсиздиги боюнча олуттуу маселе жаралды. Мындан тышкары тейлөөнүн баасынын жогору болушу туруктуу негизде жүк ташууга мүмкүндүк бербейт.

Кыргыз өндүрүүчүлөрү жүк алып өтүү, ташуу бааларынын тарифтерин карап чыгуу, жүк жиберүүчү, ташуучу топтун курамын жана продукцияны ташууда ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери жагынан өкмөттүн колдоосуна муктаж. Мисалы, ийгиликтүү иштешүү катары Кыргыз өлкөсүнүн картошка экспорттоочуларын колдоо программасын айтууга арзыйт.

Өнүккөн темир жол түйүнүнүн курулушу транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүгө өбөлгө болот. Муну менен катар экспедитордук жана транспорттук компаниялардын бирдиктүү системге биригишине, жүк ташуунун жолдорун жеңилдетүүгө шарттар түзүлөт. Ошондой эле Кыргыз жана Өзбекстан Республикаларынын ортосунда ийгиликтин маанилүү критерийи катары товар алмашуунун өсүүсү саналмакчы.

Ички рыноктун масштабын эске алуу менен Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн товарды экспорттоонун потенциалын жана кызматтарды мүмкүн болушунча өнүктүрүү абдан маанилүү нерсе. Бул бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга жана калкты жумуш менен камсыздоого шарт түзөт.

“Южно-кыргызский цемент” ишканасынын долбоорлору дээрлик өлкөнүн түштүк аймагында ишке ашат. Жасалган бардык долбоорлор жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынып, өрөөндүн өнүгүүсүнө активдүү салым кошуу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүп берилет.

Ошондой эле темир жол туюгун калыбына келтирүү стратегиялык долбоорунун ажырагыс бөлүгү катары Кыргыз өлкөсүнүн түндүк бөлүгүндөгү рынокко цемент сатуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу болуп саналат. Чүй облусун камсыздоонун негизинде “ЮКЦ” жабык акционердик коомунун керектөөчүлөрү цементти темир бетон өндүрүүдө, бетон аралаштырма өндүрүмдөрү сыяктуу суб-курулуш сегменттеринде ыңгайлуу баалар менен сатып алып колдоно алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан