Кочкордо унаасын айдап үйдөн чыгып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Кочкор районунда Фольксваген-Венто унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 18:20 чамасында Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалган. Ал Ак-Жар айылынын Көк-Жар участкасында жайгашкан коктунун ичинде Фольксваген-Венто үлгүсүндөгү унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деп билдирген.

Бул факт боюнча окуя болгон жерге тергөө тобу барып, унаанын ичинен кебетеси азиялык болгон адамдын жансыз денесин табышкан. Териштирүүнүн жүрүшүндө маркумдун аты-жөнүн тактоо учурунда, ал Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну 61 жаштагы У.С. экендиги аныкталган. Жансыз дененин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонгон белгилер аныкталган эмес. Бул факт боюнча бүгүнкү күндө сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан