Мушкер Орзубек Назаровдун кызынын кырсыкка кабылышына айыпталган милиция кызматкери сот залынан камакка алынды

Бүгүн, 28-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мушкер Орзубек Назаровдун кызынын кырсыкка кабылышына айыпталган милиция кызматкерлери боюнча отурум өттү. Ишти караган судья Мирлан Термечиков кеңешме залынан чыгып, чечим Орзубек Назаров тараптын пайдасына чечилгенин окуп берди.

Мушкер Назаров кызынын жол кырсыгына кабылышына Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери Улан Султангазиев менен Шүкүр Умировду күнөөлөп, кенемте катары ИИМден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Сот чечиминин жыйынтыгында, ИИМ мушкерге материалдык чыгым үчүн 150 миң сом, моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Андан сырткары Бишкектин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Улан Султангазиев күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды. Мындан улам ал сот залынан камакка алынды. Ал эми Шүкүр Умировдун аракетинде кылмыштын курамы жоктугу белгиленди.

Орзубек Назаровдун кызынын катышуусундагы жол кырсыгы 2017-жылдын 19-августка караган түнү саат 01:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып бара жаткан 17 жаштагы Аделина Назарова (Орзубек Назаровдун кызы) оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын бири М.С. уулу эсине келе албай көз жумган. Окуянын күбөлөрү катуу ылдамдыктагы мотоциклди Патрулдук милиция кууп келе жатканын айтышкан.

Бишкек ШИИББи жол кырсыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси "транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен кылмыш иши козголгонун билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Abdizhapar
2019-03-28 17:36:24
Тунку 1:30 ХХХХ жегени качабы
+5
Chungyz
2019-03-28 17:39:07
Куубаш керек уйуно барып штраф салыш керек
0
Take_men
2019-03-28 21:05:47
Качса кууйт да түнкү саат 1.30 да. Мүмкүн мотодо киллерлер бара жатышы мүмкүн эле...
+5
Zidan2
2019-03-28 22:41:06
Кызына меники
+1
Djumahmatov
2019-03-29 00:38:36
Тааныштары күчтүү экен соттошуп жатып акыр аягында каматкан турбайбы
+4
tular
2019-03-29 01:36:36
МАИчилерге сабак болот экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан