О! Мобилдик оператору өз абоненттеринин көп сандаган суранычтарын эске алуу менен "Переходи на О!" тарифтик пландарынын жаңы топтомун ишке киргизди.
Жаңы тарифтердин негизги ыңгайлуулугу эми аларды толук бир айга кошуп алууга мүмкүн экендигинде! Башкача айтканда, сиз абоненттик төлөмдү бир айда бир гана жолу төлөйсүз дагы, балансты ар апта сайын же күнүгө толуктоо керек экендигин унутасыз.
"Жаңы "Переходи на О!" топтомунда заманбап мобилдүү кишиге акысыз чалуулардан баштап, мобилдик телевидениеге чейинки бардык керектүү нерселер бар. Мында ар бир кызматты өз алдынча кошуп отурбайсыз", – деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко тарифтердин жаңы топтомуна түшүндүрмө берди: "Биз абоненттерибизге ар түрдүү мобилдик кызматтарды пайдаланууда максималдуу жөнөкөйлүктү камсыздоого аракет кылуудабыз".
Учурдагы "Переходи на О!" топтомундагыдай эле жаңы тарифтерде абоненттерге О! түйүнүнүн ичинде акысыз SMS жана баарлашуулар, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет + O!TV тиркемесинин алкагында 150гө чейин лицензиондук телевизиондук каналдар каралган. Болгону өзүңүзгө ылайыктуу көлөмүңүздү тандап алыңыз:
Тарифтерди көрсөтүүнүн толук шарттарын www.o.kg расмий сайтынан, ошондой эле 0 507 000 551 жана 0 507 000 552 номерлерине чалуу аркылуу тапсаңыз болот.
О! Мобилдик оператору – сенин смартфонуңдун түйүнү!