Ош шаарындагы Кулатов кичи районунан көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан 23-мартта адамдын жансыз абалдагы денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай жаракат жок экендиги аныкталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
"Маркум эркек киши, анын жашы болжол менен 40-45те. Учурда кызматкерлер анын аты-жөнүн тактоо иш аракеттерин жүргүзүп жатат", - дейт басма сөз кызматкери.