Ысык-Көл облусунда өгөй ата тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын иши боюнча райондук сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзат Ашырбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук сот өкүмдү бүгүн, 28-мартта чыгарган.
"Соттолуучу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү "зордуктоо, жашы жете элек өспүрүмгө карата зордуктоо" менен айыптуу деп табылды. Тергөө иштеринде айыпталуучу кызды эки жолу зордуктаганы аныкталган. Мындан улам райондук сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты", - деп билдирет басма сөз катчы.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында облустагы реабилитациялык борбордун кызматкерлерине 13 жаштагы кыз 2015-жылы өгөй атасы тарабынан эки жолу зордуктоо болгонун айткан. Анын бирөөсү апасы жокто, ал эми экинчиси туугандарынын үйүнө конокко барганда болгон. Ал эми медициналык экспертиза кыздын кыздык белгиси жабыркаганын аныктап, кылмыш иши козголуп, өгөй ата камакка алынган.