Бишкектин Октябрь районундагы Матросов көчөсүндө эмерек жасаган цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Алдын ала маалыматка караганда өрт боюнча ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 18:55 чамасында кабар келип түшкөн.
"Ал эми өрт болгон жерге 4 өрт өчүргөн унаа жөнөтүлгөн. Учурда кызматкерлер иштеп жатышат, кошумча маалымат болот", - деп билдирет басма сөз катчы.