ИИМ: "Орусиянын элчилигининин алдына пикетке чыккан жубайлардын үйү тинтүүгө алынып, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылды"

Орусиянын элчилигининин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаковдун аялы Гүлназ Имаева экөө жашаган үй тинтүүгө алынып, ири суммадагы акча жана курал-жарак табылды. Маалыматты SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, пикетке чыккан жубайлардын үйү соттун чечиминин негизинде тинтүүгө алынган. Жыйынтыгында үйдүн ичинен 16-калибриндеги мылтык, 1 банка ок-дары, 10 ок жана 17 миң 600 доллар табылган. Табылган буюмдарды кармоого уруксат берген документтери болгон эмес. Андан сырткары жубайлар 2019-жылдын 30-июлуна чейин ачылган визанын негизинде 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени аныкталган.

Активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан. Андан кийин аларды Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери кармап кетип түн ортосуна чейин суракка алышкан.

Колдорунда "Путин - оккупант, агрессор" деген жазуулар болгон. Жазылган сөздөргө экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында "улут аралык кастыкты жаратуучу чакырыктар бар" деген корутунду чыгарылган.

Нурлан Карымшаков жубайы Гүлназ Имаева экөө Жаза кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу камоочу жайга камакка алынды. Эртең баш коргоо чарасы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kylychisa
2019-03-28 21:37:13
бироо акча берген да ушинтип чык деп
+7
rysik79
2019-03-28 22:44:24
Пикетчи Жубайлардын Путинде эмне аласасы бар экен ошону жазгылачы?
+7
katerina.li
2019-03-28 22:55:51
Эми Путинге асылып не кылышат??? Тушунбойм
+5
Samina007
2019-03-29 00:21:55
Үйүн тинтип эч нерсе тапкан жок деп жазылган элего.Эми каяктан табышты мынча нерсени.Биздин милиция бар болгулада эээх
+4
Jelezo
2019-03-29 02:41:47
Кылаарга иши жок зеригишкенго.
+1
Nurbelek.
2019-03-29 08:50:22
Подстава болду жок жерден. Үйүңөрдө эле оокатыңарды кылып отура бербейсиңерби кайдагы нерсени баштабай.
0
Lukman-Hakim
2019-03-29 11:01:31
Көрүнгөндүн буйругун арзыбаган акчасына алданып аткарган "бузуку" адамдарды, "активист" деп ушу силердики өттү го!
+2
Nokia
2019-03-29 12:35:39
Путинге гилтейген АКШ менен Кытай асылалбайтат силерге эмне жок деймда
+2
taalay25
2019-03-29 12:54:13
Айтбадым беле НПОНИКТЕР деп, гейпарадтан кийин да Карасартова, турдалиев, Байсалов, Токтонасыров, Лансарованын уйлорун тинтиш керек болчу. Мен 100% кепилдик берем алардын да уйлорунон ири суммадагы акча чыкмак
+2
Aslan17
2019-03-29 13:34:56
Неге тушунбойсунор Элдер.Азыр Америкага ушундай жол менен полит. Убежище алган кыргыздар коп.Путинге каршы чыктым деп док чогулткан булар)).Мексикага кирип анан АКШга жонойт
+3
XATSAN125
2019-03-29 14:00:09
тим эле дуйнодо изделген киллерди кармагансып жаман эле мактанышыптырго андай 16 толтура айылдарда
0
XATSAN125
2019-03-29 14:02:24
кайрандар киши олтургонду кыяяматта да табышпайт тоок уурдаганды заматта кармап аты жонун ата тегинен бери айтайТ. М С.К дебейт коншу колондон бери тартып
0
boston___
2019-03-29 18:00:34
уйдоо маззакылып жатпайвы деймда башына балаани уйвой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан