Вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жол кырсыгына кабылды

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына Өмүрбекова тастыктады.

"Мен билген маалымат боюнча, окуя "Ала-Арча" коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча ал жол кырсыгына кайсы жерден кабылганын так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат", - дейт Алтынай Өмүрбекова.

Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurkyz1977
2019-03-29 16:53:27
Балдарынын мандайында аман эсен болсун. Жараткан дартына даба берип сакайып кетсин.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан