Чолпон-Атада улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү

26-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда улуттук ат оюндары болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Мелдештер Ысык-Көл районунун Жылкычылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Оюндардын салтанаттуу ачылышында бул иш-чара улуттук ат оюндарын жайылтуу жана облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жаткандыгы белгиленди. Жалпы байге фонду 500 миң сомду түзгөн. Мелдештердин программасында күлүктөр 6 чакырым аралыкка жарышты. Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн күрөш, кыз куумай жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан