Казакстанга кире албай "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 140ка жетти. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, буга Казакстан тарап өлкө аймагына кирип жаткан жүктөрдүн документтерин, техникаларды дыкат текшерип жатканы себеп болууда. Маалым болгондой, бир сааттын ичинде болгону 4-5 унаа текшерилүүдө.
Ал эми Кыргыз-Казак чек арасындагы башка көзөмөл-өткөрүү жайларында унаа тыгыны жок экендиги кабарланды.
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында мындай абал 19-мартта дагы орун алган. Ошол учурда жалпы 50гө жакын жүк ташыган унаалар Казакстанга өтө албай кезекте турган болсо, бир күндөн кийин анын саны 90го жеткен.