Өлкөбүздө өтө тездик менен санариптештирүү жүрүп жатат, ал эми О! Мобилдик оператору мобилдик кеңири тилкелүү технологиянын камтуусун кеңейтүүнү талыкпай улантууда.
Бүт өлкө боюнча 4G LTE түйүнүн камтууну көбөйтүү боюнча масштабдуу долбоордун алкагында компания беш жүздөн ашуун айыл тургундарын жогорку ылдамдыктагы 4G-интернети менен камсыз кылды. Жакында эле техникалык адистер тарабынан аткарылган жумуштар жогорку ылдамдыктагы 4G LTE-интернеттин үзгүлтүксүз иштөөсүн дагы 26 калктуу пункттарында жолго койду:
"Төртүнчү муундун түйүндөрүнүн жогорку ылдамдыктагы мүмкүнчүлүктөрү кичи калктуу пункттарда абдан актуалдуу, анткени айылдарда мобилдик интернет глобалдык түйүнгө кирүүнү уюштуруунун эң мыкты, кээде бирден бир гана мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Биз шаар менен айылдын ортосундагы санариптик теңсиздикти төмөндөтүү боюнча республикалык программаны ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүбүздү улантуудабыз", – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко жаңы ишке киргизүүлөр тууралуу түшүндүрмө берди.
О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды "О! түйүнүнүн өнүгүүсү" бөлүмүнөн табасыз.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.