Бишкек-Ош унаа жолу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолдун жабылышы аба ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу болууда.
"Сосновка", "Арал" посттору жана Өтмөк ашуусу 29-мартта кечки саат 10:00дөн 30-март күнү эртең мененки саат 10:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат.
"Ошол себептен сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз", - деп билдирет басма сөз катчы.