21-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук Аскер комиссариатынын имаратынын сыртында жаштарды патриоттуулукка чакырган баннер илинген. Анда казак аскерлеринин сүрөтү турганын байкаган окурман аны видеого тартып алып SUPER.KG'ге жиберген.
Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева баннерди илгендер жазаланганын кабарлады.
"Баннер илингенден кийин эле анда казак аскерлеринин сүрөтү турганы боюнча видео бизге да келип түшкөн. Дароо чечип алып, аны кимдер илгенин иликтөө жүргүзүп аныктап чыкканбыз. Күнөөлүү кызматкерлер жазага тартылышты. Дагы бир ирет ушундай шалаакылыкка жол беришсе жумуштан алынышат", - деди Жарашева.