Түрдүү чач жасалгасы менен белгилүү "Азия Микстин" шаманы Бактияр Касымалиевдин өзгөчө образдары

“Азия Микс” командасынын өзгөчө оюнчусу Бактияр Касымалиев 31 жашка толду. Ал Бишкек шаарында 1988-жылы 31-мартта төрөлгөн. 7-классынан тарта "Тамашакөй тапкычтар" клубунда ойноп баштаган. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн. Жашоодо аз күлүп, өзгөлөргө сүрдүү көрүнгөнү менен сахнада көпчүлүккө жылмаюу тартуулап келет.

Туулган күнүнө карата түрдүү чач жасалгасы менен белгилүү "Азия Микстин" шаманы Бактияр Касымалиевдин образдарын сунуштайбыз.

Казак шаманынын образын жараткан Бактияр Касымалиев командада 2011-жылдан тартып ойноп баштаган. Ал ирокез чач жасалгасы менен жүргөндүктөн шамандын образын жаратып калганын айтканы бар.

Кичинекей кезинен эле белгилүү адам болууну самаган Бактияр Касымалиев азыр атактуу күлкү жаратуучулардын катарын толуктайт.

Ал “Тамашоудо” да ойноп, 2008-жылы Элдияр Кененсаров менен таанышып калып, анын чакыруусу менен ошол убактагы “KG Club” долбооруна барган.

Ошондон кийин “Большие люди” долбоорунун мүчөсү, андан соң “Азия Микс” командасынын оюнчусу болуп калган.

2016-жылы 19-ноябрда 7 жыл сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Жибек Алиева экөө баш кошушкан. Жубайлар креативдүүлүгү менен да белгилүү. Учурда алардын биргеликте тарткан кызыктуу видеолорун көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2019-03-31 15:19:48
kloundar go
-7
Aibek8992
2019-03-31 20:04:46
Бактылуу болушсун. абдан таланттуу бала.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан