Чүй облусунун аймагында поезд менен жеңил унаа сүзүшүп кетти, курман болгондордун арасында бир жашар бала бар

Чүй облусундагы Москва районунда бүгүн, 31-мартта поезд менен жеңил унаа сүзүшүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча 3 адам каза болду. Алардын бири 2018-жылы туулган бала болсо, экинчиси анын атасы. Апасы Москва райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.

"Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Төө-Ашуу тарапка бара жаткан кезде темир жолдон өтүп бара жатканда поезд менен сүзүшүп кеткен. Ал жолдо шлагбаум жок. Болжол менен айдоочу корголбогон жайдан өтүп кетем деп поезддин астына кирип кеткен. Унаада 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 чоң киши каза болду. Андан сырткары 1 жашар бала көз жумду", - деп билдирди басма сөз катчы.

Күбөлөр кырсык Кызыл-Дыйкан айылынын аймагында болгонун билдиришкен эле. Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы кырсык Петровка-Нарзан жолундагы ээн талаада болгонун тастыктады. Мындан сырткары ошол жол менен "Сосновка" постуна барууга мүмкүн экенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pchelka85
2019-03-31 15:59:49
Бул жердин тегереги ачык талаа
Поезди тэээ алыстан эле корсон болот келатканын.. Бечара шофер эмне анча шашты экен... жалко....
+3
Take_men
2019-03-31 17:47:09
Тарткылык да. Бул байкуш деле өлөйүн деп айдабаса керек. Наристе балапанды эмне күнөөсү үчүн алды экен Кудай...
+2
Kuba-savai87
2019-03-31 21:22:08
Take_men,жол эрежесин сактаган эмес да же билбейт. Кудай сактанам дегенди сактайт.
0
XATSAN125
2019-03-31 22:35:22
шофер галдир экен да
0
sherzatik
2019-03-31 22:51:22
Ооба шашылгандын кереги жок болчу.жеңил унаанын айдоочусу күнөөлүү. Жайлары жаннаттан болсун!
0
Busi06
2019-03-31 22:58:45
Темирдей тартип мн иштеген адам жок бп жатат да,создун баары биздин чондордо праваны зачем билген билбеген ге беришет? Биздин АЖО каттуу туруп иштеп бере албай жатат, иштей албаган министрлерге жана башка чондорго иштей албаса жумуштан алыш керек,дайындаган ишти аткарбаса олжойтуп штраф салыш кк Президентти коргондо Элдер титирей турган абалда тартипти орнотуп такылдап иштей турган чондор керек Кыргызстанга мына ошондо онолот!
-2
Pchelka85
2019-04-01 13:23:11
Busi06, эми бул жакты саясаташтырбагылачы... президент газды басып, рулда отурган жок го... ажал шаштырат деп коет экен го.. бул кырсык...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан