Ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен кызын бүгүн, 31-мартта төрөтканадан үйүнө чыгарды. Эне статусуна ээ болгон ырчы кызы төрөлгөндөн кийин жашоонун маани-маңызы өзгөргөнүн белгилеген.
Наристеге чоң атасы менен чоң апасы ысым коё тургандыгы белгилүү болгон эле. "Өмүрү дарыядай узун болсун деген ниет менен кызыбызга чоң атасы Дария деген ысым ыйгарды. Башка тилдердеги маанисин да карап көрдүк, алар дагы жакты. Баатыр кыздарга карата да айтылчу экен. Кызымды өзүмө окшоштуруп жатам", - деди Нурлан Насип.
Ырчы 27-мартта кечки саат 9 чамасында көз жарган. Наристе бою 52 сантиметр, салмагы 3 килограмм 470 грамм болуп төрөлгөн.