Чүй облусундагы Москва районунда поезд менен жеңил унаанын кагышуусунан оор жаракат алган аялга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жабырлануучу аялга учурда Москва районунун ооруканасында операция жасалды. Учурда абалы орто, жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди басма сөз кызматкери.
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан 2018-жылы туулган бала, анын атасы жана дагы 1 адам каза болгон. Ал эми баланын апасы Москва райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.