"Бакай Банктын" Ислам каржы борборунун жаңы сатуу жана тейлөө кеңсеси "Айчүрөк" соода дүкөнүндө ачылды

"Бакай Банк" ачык акционердик коомунун Ислам каржы борбору Бишкек шаарында жаңы сатуу жана тейлөө кеңсесин ачкандыгын сиздерге кубануу менен жарыялайт. Жаңы кеңсе Чүй кең көчөсүндө жайгашкан борбордук "Айчүрөк" соода дүкөнүнүн 4-кабатындагы 10С өтмөгүндө жайгашкан.

"Ушул жылдын башынан бери биз жаңы кызматты ишке киргиздик - ал Мурабаха келишими боюнча керектөөчүлөрдүн максаттарын ишке ашырууну каржылоо. Бул негизинен тиричилик техникалары, уюлдук аппараттар, компьютердик жана башка иш техникалары. Жаңы кызмат кардарлардын суроо-талабына ээ болот деп ишенебиз", - деп белгиледи кеңсенин ачылыш аземинде "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун Ислам каржы борборунун директору Талант Керимбаев.

«Бакай Банк» ААКнын Ислам каржы борборунун директору Талант Керимбаев

Анын айтымында, келип түшкөн көптөгөн арыздарды эске алып керектөөчүлөрдү тейлөө максатында дагы бир кеңсе ачуу чечимин кабыл алышкан.

"Биз биринчи кезекте кардарга шарт түзүүгө көңүл бурабыз. "Айчүрөк" борбордук дүкөнү шаардын так ортосунда жайгашкан, бул жерде кардарлардын саны көп" деген Керимбаев жергиликтүү рынокто керектөөчүлөрдүн максаттарын ишке ашырууну каржылоо менен башка банктар да алектенерин белгиледи.

"Бирок менин белгилегим келген жагдай - ислам принциптеринде каржылоо менен эмес, керектөөчүлөргө классикалык насыяны берүү менен алектенет, а бизде таптакыр башкача бизнес ыкма. Тактап айтканда, алар ссудага акча жана ссудалык үстөк пайызга акча беришет. Биз болсо товарды сатып алып, ислам каржылоо принциптерине ылайык, аны бөлүп төлөө шарты менен сатабыз. Тейлөөгө чоң басым жасоого, аны күн сайын жакшыртууга аракет кылып жатабыз", - деп кошумчалады өз сөзүндө Керимбаев.

Жаңы ачылган бул кеңсеге кардарлар кайрыла башташты. Ислам каржы борборунун бул кеңсесинин да алгачкы кардарлары көрсөтүлгөн кызматтарга абдан ыраазы болуп кетишти. Мындан тышкары "Бакай Банктын" Ислам каржы борбору ушул жыл аралыгында Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында сатуу жана тейлөө кеңселерин ачууну пландоодо.

"Айчүрөк" борбордук дүкөнүнүн 4-кабатындагы С10 дарегиндеги сатуу жана тейлөө кеңсесинин иш тартиби:

Дүйшөмбүдөн Жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.

Маалымат үчүн: Ислам каржы борбору - Кыргызстандагы жана КМШдагы ислам принциптеринде кызмат көрсөткөн алгачкы мекеме. Ал "Бакай Банк" ачык акционердик коомунун алдында түзүлгөн.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 111а,

Телефон чалуу–борбору: +996312610061, уюлдук телефондон: 6111

Сайт: www.ifcenter.kg

Email: office@ifcenter.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан