Ош облусунун Кара-Суу районунда эки унаа сүзүшүп, бири толук күйүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 29-март күнү саат 20:00 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында катталган. Анда аталган райондун тургуну 25 жаштагы Х.Б. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, Форд унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Форд унаасы толук күйүп кеткен.
"Эки унаанын айдоочулары Х.Б. жана С.Б. денелеринен ар кандай жаракаттарды алышып, Ош шаардык ооруканасына кайрылышкан. Бул кырсык боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.