Токмокто 20 жаштагы кызды ала качууга аракет кылган 3 жаран кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында кыз ала качууга шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 29-март күнү болгон. Анда Токмок шаарынын тургуну белгисиз жарандар 20 жаштагы кызды ала качууга аракет кылышканын айтып арыз жазган.

"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси "никеге тургузуу максатында адамды уурдоо" менен иш козголуп шектүү катары 3 жаран кармалган. Шектүүлөр кызды 29-март күнү саат 17:30 чамасында Хонда фит унаасы менен ала качууга аракет кылышкан. Алар 26 жаштагы М.Э., Т.Ы. жана 27 жаштагы К.А. болгон. Кармалгандар алгач убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Токмок шаардык соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган. Учурда тергөө иши башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан