2008-жылы Бээжиндеги жайкы олимпиадалык оюндарда коло медаль тагынган Руслан Түмөнбаевдин медалдары уурдалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой спортчунун Ак-Өргөдөгү үйүнөн 13 медаль жана телевизор уурдалган. Балбан өзү АКШда болгону үчүн милицияга анын бир тууганы кайрылган.
Кыргыз мамлекетине Эмгек сиңирген спорт чебери Руслан Түмөнбаев 2006-жылы Дохада болуп өткөн 15-Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча жана 2007-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль тагынган. 2008-жылы Азия чемпиону аталып, ошол эле жылы Бээжиндеги жайкы олимпиадалык оюндарда 3-орунду камсыз кылган.