Ырчы Айнура Салахидинова бүгүн, 1-апрелде чоң той берип, жакшылыгын үй-бүлөсү жана жакын достору менен бөлүштү.
Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы жолдошу менен 2 уулу Дари жана Бекхандын сүннөт тоюн, кызынын тушоо тоюн жана конуштуу болушканына карата той өткөрүшүүдө.
Тойдо уулдары залга ханзаада катары киришсе, кызынын тушоо кесүү тоюнда ырчы ырдап, жакындарына жагымдуу маанай тартуулады.
Тойго ырчынын сахналаш достору келди. Саамалыкты Жылдызбек Турсунбаев алып барды. Каада-салтты аткарган ырчы кызынын тушоосун кесүү үчүн чуркагандарга сноуборд, кир жуучу машина, чаң соргуч өңдүү белектерди берди.