Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу 1-апрелге караган түнү таңкы саат 4:00 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ башына миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн кишинин жансыз денесин табышкан. Шектүү катары маркумдун бир тууган иниси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал сурак учурунда агасын балта менен уруп өлтүрүп койгонун моюнуна алган. Алгачкы иликтөөдө шектүү жакында Орусиядан келгени белгилүү болду. Ал көп ичкендиктен байкеси арак ичпөөнү айтып, ортодо чыр чыккан. Шектүүнүн үй-бүлөсү жок.
Учурда шектүүгө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.