Футболчу Лионель Месси 1 жылда 130 миллион евро киреше тапты

France Football спорттук басылмасы 1 жылда эң көп киреше тапкан футболчулардын рейтингин жарыялады.

Маалыматка ылайык, рейтингдин сап башынан Аргентина курама командасынын жана "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси жайгашты. Анын өткөн жыл ичинде тапкан каражаты 130 миллион еврону түзгөн. 2-орунга 113 миллион евро кирешеси менен Португалиянын жана "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жайгашса, 3-орунду 91 миллион евро менен Бразилиянын жана "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар алган.

Алдыңкы бештикти франциялык Антуан Гризманн (44 миллион евро) жана уэльстик Гарет Бэйл (40 миллион евро) толуктайт.

Рейтингди түзүүдө футболчунун айлык акысы, клуб тарабынан ыйгарылган бонустары жана жарнамалык келишимдерден түшкөн кирешелери эске алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2019-04-02 11:56:52
Az go
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан