Кытайдын Хэнань провинциясында куюн балдар ойноп жаткан батутту оодарып, бир нече аралыкка учуруп кетти. Кырсыктан 2 бала каза болгонун чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, куюндан дагы 18 бала жана 2 чоң адам жабыркаган. Окуя 31-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө болгон. Жабыркаган балдардын арасында биринин жаракаты олуттуу. Калгандары денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Маалым болгондой, ошол учурда бул даректе жарманке өтүп жаткан. Метеорологдордун билдиргенине караганда, куюндун бийиктиги 10 метрге чейин жетип, бир нече мүнөткө созулган. Маалыматта белгиленгендей, бул катуу шамал, куюн батутту оодарып же учуруп кеткен биринчи окуя эмес.