Бишкектин Ахунбаев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-апрелде саат 08:00 чамасында катталган.
"Volkswagen менен Lada үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден эки унаадан 5 адамды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Учурда кырсык боюнча маалыматтар чогултулуп, тийиштүү иштер аткарылууда. Ал эми унаалар айып короосуна токтотулду", - деди басма сөз кызматы.