SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасы кошулду. Ырчы мырза чыгарма адамдарга насаат иретинде жазылганын айтат.
"Бул чыгарманын сөзү, обону мага таандык. Чыгарма аркылуу текебер, байлык, бийликке умтулган адамдарга насаат айтайын дегем. Адатта сценарийди клипмейкер сунуштайт эмеспи. Ал эми бул чыгармамдын клибине сценарийди өзүм даярдап, ошонун негизинде 3 күн тартуу иштери болгон", - дейт Ниязалиев.
27-МАРТТАН 3-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Айя Садырованын "Тоо булагы" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" видеоклиби ээледи.
8-орун - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" видеоклибине буюрду.
7-орунду - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы камсыздады.
6-орун - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби эки баскычка төмөндөдү.
5-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" аталышындагы видеоклиби багындырды.
4-орун - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясына буюрду.
3-орунда - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" чыгармасы жайгашты.
2-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, аптанын жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.