Жалал-Абадда дарыяга түшүп кеткен 26 жаштагы жигит 2 күндөн бери изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 26 жаштагы жигит дарыяга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Ак-Жол айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 26 жаштагы С.К. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген. Издөө иштерине ӨКМнын өрт куткаруу бөлүмүнөн жана өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жалпы 12 куткаруучусу чыккан. Бирок жаран табылган эмес. Бүгүн, 3-апрелде дагы издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asanaliev.s
2019-04-03 20:32:59
Табылып калса екен.Аллах бейишинен берген болсун.Ата энесине бир туугандарына сабыр берсин.
0
aslan_akjol89
2019-04-04 00:11:26
Журналисттер,маалыматты,жер-суунун атын толук тактап чыгаргылачы.Тегирмени сай пайы жок эле Тегене айылынын тургуну болчу.
Табылып калса экен,тируу табылса экен деп тилеп жатабыз.Жээкке чыгып алса асканын арасында чыга албай камалып журсо деген варианттар бар.
0
molorbaev
2019-04-04 13:29:33
Ак-Жол айыл аймагындагы Тегене айылынын жашоочусу болчу. Тегирмен-Сай деген айыл жок бул айыл аймакта.
0
admin_portal
2019-04-04 15:27:29
molorbaev, aslan_akjol89, саламатсызбыдарбы! 2-апрель күнү Ак-Жол айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Кара-Суу дарыясына 26 жаштагы С.К. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген.
Кабарда кайсы жактын тургуну экендиги тууралуу жазылган эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан