О! Мобилдик оператору Ош шаарында шаардык мэриянын колдоосу менен Japar Production уюштуруп жаткан масштабдуу музыкалык иш-чарага чакырат.
26-апрелде Ош шаарынын NURZAMAN Plaza соода борборунун аянтында Rauf & Faik популярдуу тобунун катышуусу менен жаштар фестивалы өтөт. Кеченин меймандары ата мекендик эстрада жылдыздары, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылар Нурмат Садыров жана Ильяс Кудретов болмокчу.
Башталышы саат 18:30да.
Бул окуяга карата Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары үчүн атайын акция жүрүп жатат. Акциянын алкагында концертке акысыз 2 билет алууга болот. О! түйүнүндөгү номердин балансын бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O! Store дүкөнүнөн 200 сомдон кем эмес суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктоо жетиштүү.
Акция 2019-жылдын 25-мартынан 26-апрелине чейин жүрөт.
Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү. Билеттерди О! Мобилдик операторунун сатуу кеңселеринен сураңыздар.