28-июлда Монголияда жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугу аяктады. Мелдештин расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан командалык эсепте 7-орунду ээледи. Командалык эсепте сап башында 84 упай топтогон Индия турса, 2-орунда Иран 80 упай менен мелдешти жыйынтыктады. Ал эми коңшу Казакстандын балбандары 72 упай топтоп, алдынкы үчтүккө киришти. Кыргызстандык балбандар болсо 48 упай топтоду. Жаштар арасындагы улуттук курама командабыздан Феликс Бакытбеков (42 килограмм салмакта) менен Улукман Жолдошбеков (54 кг) коло медалдарга ээ болушкан.