Баткен облусунун Кадамжай районунда 8 жашар бала дарыяга түшүп кетип изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү Кара-Жыгач айылындагы Исфайрам дарыясына 8 жаштагы К.Ж. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө саат 18:49да ӨКМнын Кадамжай райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, саат 22:00дө убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 4-апрелде издөө иштери улантылууда.