Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков жакында эле Орусиянын шаарларында концерт койгон.
Ал эми Санкт-Петербург шаарына койгон концертке ырчы кечигип барганын күйөрманы айтып, "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылган. Анда окурман: "Гүлжигит Сатыбековдун 31-мартта уюштурган концерти 4 саат кечигип башталды. Ырчы кечигип келип 1 сааттай ырдады дагы концертин бүтүрүп койду. "2-апрелде кайра концерт болот, бүгүнкү сатып алып кирген билеттерин 2-апрелдеги концертке көтөрүп келгендер бекер кирет дешти. 2-апрелде билетин көтөрүп баргандар деле 500 рубль төлөп билет сатып алышты", - деп билдирген.
Бул боюнча Гүлжигит Сатыбековго кайрылганыбызда, ал концерт жүйөлүү себептер менен кечигип башталганын айтып, буларга токтолду.
"31-мартта Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерге концерт коюу уюштурулган. Бирок концерт жүйөлүү себептер менен кеч башталды. Биринчиден, Москва шаарында 2 күн концерт койгонбуз. Ал жактагы концерттин уюштуруучуларын узатабыз деп кармалдык. Экинчиден, Санкт-Петербургдагы концерттин уюштуруучулары атайын суранышканынан гонорар албай эле концерт койгонго макул болгонбуз. Ал шаарга самолёт менен бармакпыз, бирок рейстердин убактысы өтө эле кеч экен. Ушундай себептер менен концертке кечигип бардык. Биз барганча алып баруучу Жакут Сыдыков менен ырчы Улан Осмон уулу концертти баштап, келгендерди зериктирбептир. Ошентсе дагы концерт 3 саатка жакын болду. Ал эми 2-апрелде коюлган концертти чындыгында бекер койгонбуз. Бул боюнча күйөрмандын маалыматы толук болбой калган окшойт.
Элибизге кыла турган кызматыбыз алдыда. Келген күйөрмандарыбызга ыраазычылык айтабыз. Ал жерде көп түшүнбөстүктөр орун алды. Ал үчүн концерт учурунда дагы кечирим сураганбыз, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы кечирим сурайм", - дейт ырчы.