Италиядагы Милан шаарында жашап жаткан кыргыздар чогулушуп, кыргыздын "Кыз узатуу" салтын италиялыктарга тааныштырды. Бул тууралуу "Кыргыз-Италия" маданият борборунун жетекчиси Бурмачач Томоева SUPER.KG порталына маалымдап, анда тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.
Томоеванын айтымында, жыл сайын жаз айларынын биринде аталган шаардагы мекендештер Нооруз майрамын биргеликте белгилөөнү адатка айлантышкан. Сөзсүз эле 21-мартта эмес, ал жактагылардын шартына жараша башка күндөрү майрамдалган учурлар болот.
"Быйыл да Ноорузду 21-марттан кечирээк белгиледик. Бирок бул жылы абдан кызыктуу өттү. Биринчи жолу чогуу белгилейбиз деген демилге көтөрүлгөндө 20-30дай эле кыргыз чогулганбыз. Кийинки жылдарда казак туугандар да кошулуп 70-80дей адамга жеттик. Бул жылы Кыргыз жеринен Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова келип, биз сагынып жүргөн ырларды аткарып берип, черибиз жазылды", - деди ал.
Ошондой эле бул күнү кыргыздын улуттук тамак-аштарынан жасалган дасторкон жайылып, келген конокторго да тааныштырылды.
"Биз бул майрамды белгилөөнүн алкагында кыргыздын каада-салттарынын бирин жергиликтүүлөргө тааныштырабыз. Бул ирет "Кыз узатуу" каадасын көрсөтүп бердик. Италиялык жигиттер өздөрү да аткарып көрүүнү каалашып, анын негизинде биздин маданиятыбыздын бул бөлүгүн жакшылап билип калышты. Алар улуттук бийлерибизге абдан суктанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө казакча ырлар да жаңырып, домбра чертилди. Гүлнур эжекебиздин (ред. Сатылганова) аткаруусун кечеге келген белгилүү италиялык ырчы Аль Банонун достору жогору баалашып, аталган ырчы менен дуэт жаздырууну сүйлөшүштү", - деди Томоева.