Чүйдө адам өлүмүнө шектүү делип 9 адам кармалды. Алардын бири милиция кызматкери

Чүй облусунун Кемин районунда адам өлүмүнө шектүү делип 9 адам кармалды. Алардын бири милиция кызматкери экенин SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Назира Имангазиева кабарлады. Анын айтымында, кармалган адамдардын баары киши колдуу болуп каза болгон жарандын айылдаштары болушат.

"Буга чейин 24 жаштагы тургун шектелип кармалган. Тергөө ишинин жүрүшүндө дагы 8 адам кармалып, алардын бири милиция кызматкери болуп чыкты. Баары убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Имангазиева.

1-февраль күнү саат 17:15 чамаларында Кемин районундагы Боролдой айылындагы айдоо талаадан эркек кишинин жансыз денеси табылып, ал 27 жаштагы Н.У. аттуу тургун экени аныкталган. Маркумдун денесин кароодо киши колдуу болуп каза болгону аныкталып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган.

Сотко чейинки тергөө ишинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Е.У. аттуу айылдашы кармалып, камакка алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан