29-мартта “Бишкек-Парк” соода борборунда “Бакай Банктын” “Карта менен төлө” акциясынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өттү. “Бакай Банктын” жетекчилигинин атынан башкармалыктын төрагасынын орун басары Руслан Кагиров сөз сүйлөдү. Ал “Карта менен төлө” акциясынын этабынын бардык жеңүүчүлөрүн куттуктап, баалуу белектерди тапшырды.
“Карта менен төлө” акциясына катышуунун шарттары абдан оңой болчу. Ал үчүн 2018-жылдын 15-октябрынан 2019-жылдын 15-мартына чейин карта менен сатып алууларды жасаш керек эле. Акцияда “Бакай Банкттын” “Элкарт” жана "Visa" карталарынын ээлери катыша алган.
Акциянын эрежелерине ылайык, төлөмдөрдү каалаган соода түйүнүндө жасоо мүмкүн болчу. Анын жыйынтыгында башкы жеңүүчү Элмира Камбарова 101 миң сомду утту.
“Албетте чоң кубанычтамын, башкы байгени утам деп ишенгем. Мен акцияга башынан баштап катышкам, төлөмдөрдү “Элкарт” картасы менен жасагам. Мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн “Бакай Банкка” рахмат! Бардык тааныштарыма ушул банкка келүүнү сунуштайм. Туруктуу жана ишенимдүү банк катары билем”, - деди Элмира Камбарова.
Дагы бир жеңүүчү Абдылас Жолдошбаев “Бакай Банкка” сонун белек үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Бакай Банктын” акциясы боюнча жарнаманы көрүп, кызыгып кеттим. Мен былтыркы жылдын ноябрь айынан тарта катышкам. Албетте, башкы байгени уткум келген, бирок сыналгыны уттум. Абдан кубанычтамын, бул деле жакшы белек. “Бакай Банкка” рахмат! Мындай акциялар көп болушун каалайм”, - деди Жолдошбаев.
Сынактын бардык катышуучулары акциянын уюштуруучуларына белектер жана көңүл бурганы үчүн чоң ыраазычылык билдирип, “Бакай Банкка” мындан ары өсүп өнүгүү жана ийгилик каалашты.
“Карта менен төлө” акциясынын бардык катышуучуларына чоң рахмат! “Бакай Банктын” төлөм карталарын жана накталай акчасыз төлөөнү тандаганыңар үчүн рахмат. Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайм. Биз менен болгонуңуздар үчүн рахмат”, - деди “Бакай Банктын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Кагиров.
Баса белгилеп кетсек, эң көп суммага акчасыз төлөмдөрдү жасаган карта ээлери жеңишке жетишти (акцияны өткөрүү мезгилинде жасалган төлөмдөр эске алынды). Жеңүүчүнү аныктоо үчүн АКШ доллары менен жасалган сатып алуулардын суммасы сомго Улуттук банктын курсу боюнча эсептелип чыкты. Ошентип сатып алуулардын жалпы суммасы сом менен эсептелди.
Башкы байгеден тышкары 5 сыналгы, 5 ноутбук, 10 уюлдук телефон, 30 унция күмүш ойнотулду.
“Карта менен төлө” акциясынын байге фондун жана жеңүүчүнүн башкы байгени утканына байланыштуу чыккан бардык салык милдеттерин банк камсыздайт.
Акциянын жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат жана алардын сүрөттөрү банктын www.bakaibank.kg веб-сайтында жайгашат.
Акция боюнча бардык маалыматты: 0 (312) 61-00-61 мобилдик номерден, 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11, www.bakaibank.kg сайтынан алса болот.
“Бакай Банк” ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын тургундарына финансылык кызмат көрсөтүүнүн кенен тармагын жүргүзүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймактарындагы банктын 76 сактык кассалары менен филиалдары тез жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыздайт.