Баткен облусунун Лейлек районунда 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анын өлүмүнө шектүү катары айылдашы кармалганын облустук милициядан кабарлашты.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 1-апрель күнү Лейлек районунун Жаштык айылынын Тыныстанов көчөсүндөгү жер участкасынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал ошол эле айылдын 30 жаштагы Т.Ы. аттуу тургуну экени аныкталган.
"Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүү катары ошол эле күнү айылдын 34 жаштагы С.А. аттуу тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Маалым болгондой, ал каза болгон айылдашы менен пикир келишпестиктерден улам уруша кетип, денесине бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып, окуя болгон жерден кетип калган", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Бул факты Лейлек РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.