Мирбек Иманбековдун "Жаным" деген ырына тартылган клип ырчынын жаңы стилинен улам сынга кабылды

Ырчы Мирбек Иманбеков күйөрмандарына "Жаным" аттуу ырына тартылган жаңы клипти тартуулады. Өз учурунда популярдуу болгон ырды угармандары жакшы кабыл алышты. Жаңы аранжировка жасалган композицияга рэп да кошулган. Бирок клип боюнча түрдүү пикирлер жаралып, ал талкууга кабылды.

Ырчы Мирбек Иманбековдун 10 жыл мурун тартылган клиптери аркылуу көпчүлүк эстеп калса керек. Бир канча убакыт тыныгуудан кийин, өзүнүн хит ырларынын бирин жаңылап ырдап чыгышы да күйөрмандары үчүн күтүүсүз болду.

Көрүүчүлөр жаңы клипте Мирбек Иманбековдун кийинүү стилине көп басым жасашууда. Ырчы ак костюм менен жилет, кара шым жана шляпа кийген. Бирок көйнөк кийбей мойнуна чынжыр такканын, рэп ырчысы өңдүү башына бандана байлап алганын көрүүчүлөр сынга алышкан.

Ырчы бул тууралуу: "Клиптен кийин мени менен сүйлөшпөй койбоңуздар. Достор, жөн гана чыгармачылык деп билиңиздер," - деп билдирүү жазган.

Жаным
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-05 00:43:36
Menin kyzym mn balam komoddogu kiyimderdi keede uwintip kyiyp alywat,Elderdi eski yrlardy janylap chygyp jatywsa,bul eski jakwy yryn buzup,kawa kylyp salyptyr go.
+3
aslonur
2019-04-05 05:33:19
Жеке мен учун Мирбек, Султан, Урмат булар ото чон даражадагы сыйлуу артисттер себеби классикадан современный подходко отконго чоон салымдары бар, а клип болсо ырга жараша болгон, себеби реп иретинде жанылап чыгыптыр аны тушунсонор болот, Мирбек байке сизге ар тараптуу ийгилик каалайм
0
zhykyo
2019-04-05 07:37:49
Кыз албарсты бизди басты уууууу дегендей эле ырдаптыр калп айтпасам окшош экен
+9
Bobby1995
2019-04-05 13:59:42
Жаныланып чыкса дагы сындайсынар, чыкпаса очту дейсинер озунор эки созду кошуп айта албагандан кийин отургула жон эле
+2
kg_salim
2019-04-05 08:10:26
Иманбеуовду албарсты басыптыр
+11
Nurkyz1977
2019-04-05 09:10:02
Бышкан ашка сынчы коп дегендей отуруп алып терс пикир жазганча колдоп мактап койгула,жакшы соз кимдигана эргитпейт. Копко тыныгып жатып эми бир клип тартса аны жемелеп жатып калбай,силердин жакшы созунор,кубаттоонор дагы да жакшы ыр,мыкты клип тартууга оболго болот. Минтип тытмалап жатсанар байкушту биротоло эс алдырасынарго. Жакшы соз кимди болсо остурот жашоого шык берет. Бул жалган жашоодо жылуу созунорду аябагылачы кемип калбайсынар. Баарынарга ийгилик!
-4
Respect.
2019-04-05 11:33:54
Nurkyz1977, Мактай турган жери болсо мактайбызбы?
Денесин бир жерин калтырбай сүрөт тарткан Кыргыздын кызына туура келеби?
-3
Tuki110592
2019-04-05 10:55:24
Болбой калыптыр сонун ырды клип менен бузуптурсун шымдын сыртынан гамаш кийип алгандай эле жарашпай калыптыр
+3
Dembele84
2019-04-05 11:37:52
Жаныланып бир эл оозуна алынайын дептир,но детский болуптур...
0
ermek87kg
2019-04-05 11:45:13
Ой тооба. Мирбек Иманбеков бул эмне Деген корунуш уят эле.
0
gukush00
2019-04-05 12:52:51
Итиркейди келтирет го
+1
zhaku2017
2019-04-05 12:54:34
Клип сонун болгон. Искуствонун майын чыгарыптыр
-1
Aima94
2019-04-05 13:06:48
Эски варианты сонун
0
Baku88
2019-04-05 14:05:55
Мойнундагы чынжыры мн башына орогон жоолугу өтө эле ашыкча
+1
biznes
2019-04-05 16:39:39
Мага жакты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан