Бишкектин кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринин терезесинен түшүп кеткен бала каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова билдирди.
Маалыматка ылайык, бала 4-апрелден 5-апрелге караган түнү кокустан түшүп кеткен.
Басма сөз кызматкеринин айтымында, 11 жаштагы бала катуу жаракат алган. Мындан улам аны ооруканага алып бара жатканда каза болуп калган.
Ал эми Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча каза болгон бала 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатынан түшүп кеткен. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.