25-28 июль күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу өттү. Мелдештин алгачкы күнү жарышка түшкөн грек-рим күрөшү боюнча балбандарыбыз 10 салмактык категорияда күрөшүп, 10 медаль утушту. Нуржигит Ташболотов (58 килограмм), Рустам Рахматулаев (63), Абдулазиз Ашымбеков (76) өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталышты. Ал эми Төлөбай уулу Азат (42), Адилет Таалайбеков (46), Тынарбек Шаршенбеков (50), Тынчтыкбек Абдыкеев (54), Болотмырза Асанбеков (69), Үзүр Жузупбеков (85), Нурсултан Махмудов (100) коло медаль тагынышты. Медаль алууга болгон 10 мүмкүнчүлүктөн бирин да текке кетирбеген балбандарыбыз, жалпы эсептик көрсөткүчтө 1-орунду ээледи. Эске салсак, 2012-жылы Бишкекте өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда да Кыргызстандык грек-рим күрөшчүлөрү жалпы эсептик көрсөткүчтө 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло менен 1-орунду алган.